# 14-берене. Насыялык бюронун милдеттери

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045548)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2026 [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045548); 30.07.2025 [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503); 23.05.2024 [Закон КР от 23 мая 2024 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере ломбардной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187); 29.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 29 марта 2023 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"](https://aqlex.ai/kg/doc/112555); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией", "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=36158..52455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 14-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-14

---

1. Насыялык бюро төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) насыялык маалыматтардын маалымат базасын берилген маалыматтарга ылайык электрондук формада жүргүзүүгө;

1-1) өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/алынгандыгы, өзүнө-өзү тыюу салынган/алынган датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар базасын берилген маалыматтарга ылайык электрондук түрдө жүргүзүүгө; 1-2) насыялык маалыматты пайдалануучулардын жана насыялык маалымат субъекттеринин суроо-талабы боюнча өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө актуалдуу жана ишенимдүү маалыматты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө берүүгө;

2) насыялык маалыматты, ал келип түшкөн күндөн тартып кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен насыялык тарыхтын курамына киргизүүгө;

3) насыялык маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/алынгандыгы, өзүнө-өзү тыюу салынган/алынган датасы жана убактысы жөнүндө маалыматты коргоону жана сактоону камсыз кылууга;

4) насыялык маалымат алмашууну ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттарга гана ылайык жүзөгө ашырууга;

5) насыялык маалыматтагы анык эмес жана бурмаланган маалыматтарды табууда жана оңдоодо насыялык маалымат субъекттерине, насыялык маалымат берүүчүлөргө жана пайдалануучуларга көмөк көрсөтүүгө;

6) өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына отчет жана башка маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө берүүгө;

7) насыялык маалыматты сактоону камсыз кылууга:

- позитивдүү насыялык маалыматты беш жыл бою;

- негативдүү насыялык маалыматты эки жыл бою;

- суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалыматты бир жыл бою;

- насыялык маалыматтын жоюлган берүүчүсүнүн насыялык маалыматын ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде;

- өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр аткарылбагандыгы тууралуу насыялык маалыматты үч жыл бою;

- ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтарды ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде;

7-1) өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу колдонулган бүткүл мөөнөт ичинде, ошондой эле тыюу салуу алып салынгандан кийин үч жыл бою сактоону камсыз кылууга;

8) насыялык тарыхка, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/алынгандыгы жөнүндө маалыматка ар бир жолку кирүүнү каттоону жана эсепке алууну жүргүзүүгө.

2. Эгерде насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги жана бурмалангандыгы насыялык маалыматтын субъектинин күнөөсү боюнча эмес болгон учурда, насыялык бюро насыялык маалымат субъектине жана насыялык маалымат пайдалануучуга оңдолгон насыялык отчетту берүүгө милдеттүү.

Мында оңдолгон насыялык отчет төмөнкү учурдан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде берилет:

1) насыялык бюро, насыялык маалымат берүүчү же насыялык маалыматты пайдалануучу тарабынан насыялык отчетто камтылган маалыматтардын чындыкка ылайык келбөө предметине карата насыялык маалымат субъектинен арыз алгандан, же болбосо

2) насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги же бурмалангандыгы жөнүндө насыялык бюрого белгилүү болгондо.

3. Эгерде насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги жана бурмалангандыгы тастыкталбаса же болбосо насыялык маалымат субъектинин күнөөсү боюнча болсо, анда насыялык бюро насыялык маалымат субъектинен тиешелүү арыз алган учурдан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде насыялык маалымат субъектине бул жөнүндө жазуу түрүндө кабарлайт.

4. Насыялык бюро насыялык маалыматты жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты берүүчүдөн алынган насыялык маалыматты бурмалагандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

4-1. Насыялык бюро насыялык маалыматты жыйноону, сактоону, иштеп чыгууну жана алмашууну камсыз кылуучу өзүнүн маалыматтык тутумдарын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырууга милдеттүү.

5. Насыялык бюро мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка милдеттерди да алышы мүмкүн.

6. Насыялык бюро өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги/жоктугу (алынгандыгы) жөнүндө маалыматты өз убагында бербегендиги, ал жөнүндө актуалдуу эмес, жалган маалыматты бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2023-жылдын 29-мартындагы № 74, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-15)
