# 12-берене. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2025 [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503); 29.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 29 марта 2023 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией"](https://aqlex.ai/kg/doc/112555)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 12-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-12

---

1. Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы насыялык бюролорду лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:

1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде насыялык маалыматтарды жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматты алмашууну жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;

2) мыйзамда белгиленген тартипте лицензия берет, анын колдонулушун токтото турат же токтотот же лицензияны кайра жол-жоболоштурат;

3) насыялык бюролордун Мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

4) насыялык бюролор үчүн ички аудитти жүргүзүү, жылдык отчетторду түзүү боюнча, ошондой эле насыялык маалыматтарды коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана аны жайгаштыруу боюнча милдеттүү талаптарды белгилейт;

5) насыялык бюролордун ишине тийиштүү отчетторду жана маалыматтарды алат;

6) насыялык бюролордун ишин мыйзамда белгиленген тартипте текшерет;

7) насыялык бюронун жетекчисине жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан тизмеги аныкталган насыялык бюронун кызмат адамдарына, ошондой эле насыялык бюронун акцияларынын жалпысынан 10 жана андан ашык пайызын сатып алууну каалаган адамдарга карата квалификациялык талаптарды белгилейт;

8) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган негиздерде жана тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн насыялык бюролорго таасир этүү чараларын колдонот;

9) насыялык бюронун уставдык капиталына карата талаптарды белгилейт;

10) насыялык бюронун акцияларынын 10 жана андан көп пайызынан ашкан насыялык бюронун акцияларын сатып алуунун тартибин аныктайт.

(КР 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-13)
