# 11-берене. Насыялык бюрону кайра уюштуруу жана жоюу

- Документ: [Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205381)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 160 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030503)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381#diff=26286..36158>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5147/edition/1289998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205381/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө, 11-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-11

---

1. Насыялык бюрону кайра уюштуруу жана жоюу ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Насыялык бюро кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийин бир жумушчу күндөн кечиктирбестен, бул жөнүндө жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кабарлайт жана эки ай бою жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү кулактандырууну жума сайын жайгаштырат.

3. Насыялык бюро кайра уюштурулган учурда, насыялык маалыматтардын маалымат базасы эгерде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы болсо, анын укук мураскерине өткөрүп берилет. Бул учурда насыялык бюронун укук мураскери насыялык маалыматтардын маалымат базасын алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө насыялык маалымат берүүчүлөргө жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Мында жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылган кулактандырууларда насыялык бюронун насыялык маалыматтарынын маалымат базасы анын укук мураскерине өткөрүп берилгени көрсөтүлөт.

4. Эгерде насыялык бюронун укук мураскеринин лицензиясы болбосо, ошондой эле насыялык бюро жоюлган, лицензиянын колдонулушу токтотулган учурларда насыялык маалыматтар жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына банктык мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө акысыз өткөрүлүп берилет.

(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205381/st-12)
