11-берене. Насыялык бюрону кайра уюштуруу жана жоюу
Күчүндө · 29.04.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2025 года № 167
1. Насыялык бюрону кайра уюштуруу жана жоюу ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Насыялык бюро кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийин бир жумушчу күндөн кечиктирбестен, бул жөнүндө жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кабарлайт жана эки ай бою жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү кулактандырууну жума сайын жайгаштырат.
3. Насыялык бюро кайра уюштурулган учурда, насыялык маалыматтардын маалымат базасы эгерде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы болсо, анын укук мураскерине өткөрүп берилет. Бул учурда насыялык бюронун укук мураскери насыялык маалыматтардын маалымат базасын алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө насыялык маалымат берүүчүлөргө жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Мында жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылган кулактандырууларда насыялык бюронун насыялык маалыматтарынын маалымат базасы анын укук мураскерине өткөрүп берилгени көрсөтүлөт.
4. Эгерде насыялык бюронун укук мураскеринин лицензиясы болбосо, ошондой эле насыялык бюро жоюлган, лицензиянын колдонулушу токтотулган учурларда насыялык маалыматтар жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына банктык мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө акысыз өткөрүлүп берилет.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 30 июля 2025 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обмена кредитной информацией и установления самозапрета на заключение кредитной сделки"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эле насыялык бюро жоюлган, лицензиянын колдонулушу токтотулган алынып салынды: учурларда, кошулду: учурларда насыялык алынып салынды: маалыматтарынын маалымат кошулду: маалыматтар жана өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына алынып салынды: мыйзамда кошулду: банктык мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө акысыз өткөрүлүп берилет.
кошулду: (КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205381/st-11" title="11-берене - Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>