# КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 159 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 159 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5146/edition/596327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 159 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205380

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 21-ноябры № 159 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205380/st-1)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 24-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу салымдарын (анын ичинде кызматкерлер үчүн) өткөн ай үчүн эмгек акыга каражаттарды банк мекемелеринен алган мөөнөттөрдө, бирок камсыздандыруу салымдары эсептелген айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен ай сайын төлөшөт. Юридикалык жакты түзгөн камсыздандыруучулар 100000 (жүз миң) сомдон ашык суммага эсептелген камсыздандыруу салымдарын юридикалык жактын эсептешүү эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсебине которуу менен гана төлөшөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205380/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
