# КР 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5144/edition/596251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205378

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 20-ноябры № 157 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205378/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 389-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" жана "элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз" жана "эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "онго чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка иштерди жүргүзүү тартибин бузушу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 389-1-статьянын экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 389-2-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 389-3-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205378/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205378/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
