# КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5139/edition/1119947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205373

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 14-ноябры № 152 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205373/st-1)

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 4-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Офицердик курамдын кызматтарында пайдалануу үчүн аскердик кызматка аныктоодо (чакырууда) класстык чендери, атайын класстык чендери жана атайын наамдары бар адамдарга аларда болгон класстык ченге, атайын класстык ченге жана атайын наамга топ келген аскердик наам кайра аттестациялоо тартибинде ыйгарылбайт. Көрсөтүлгөн адамдар аларда болгон запастагы аскердик наамдары боюнча аскердик кызматка аныкталат (чакырылат).".

2. 5-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:

"Жогорку офицердик курамдын аскердик наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205373/st-2)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 10-статьяда: 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 3-бөлүктөгү ", ал эми аларды ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр алып салынсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205373/st-3)

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 24-статьяда: 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 3-бөлүктөгү ", ал эми аларды ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205373/st-4)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205373/st-5)

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 56-берененин 10-бөлүгүндөгү ", ал эми атайын класстык чендерге ээ (1-класстагы юстиция кеңешчисине чейин кошулат) прокурорду жана тергөөчүлөрдү аскердик кызматка чектегенде аларга тийиштүү аскердик наамдар ыйгарылат" деген сөздөр алып салынсын.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205373/st-6)

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205373/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
