# КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5137/edition/717914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205371

---

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 10-ноябры № 150 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205371/st-1)

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилеринин, консультанттарынын жана жардамчыларынын кызмат орундарына талапкер адамдарга;".

2. 13-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "тандалып алынган талапкерлерди дайындоого сунуш кылат;" деген сөздөр алып салынсын.

3. 18-статьяда:

2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик органдын кадрларынын ички резерви төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- ушул мамлекеттик органда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациянын натыйжалары боюнча кызматка көтөрүүгө сунушталган мамлекеттик кызматчылардан;

- ушул Мыйзамдын 47-статьясынын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан;

- конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдардан.".

4. 24-статьянын 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- бул кызмат орундарында бир жылдан кем эмес иштеген саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары;".

5. 47-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул статьяда каралган негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулуп жаткан адам арызынын негизинде кадрлардын ички резервине киргизилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205371/st-2)

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205371/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
