# 1-берене

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205370/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5136/edition/592297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205370/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205370/st-1

---

"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдүк-контролдук функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".

2. 2-статьяда:

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, иш берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, - Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат. Андан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат."; 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Эмгекти коргоонун талаптары Эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана критерийлер (мындан ары - эмгекти коргоо талабы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Эмгекти коргоо талаптары ушул Мыйзамдын 2-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан иштин кайсы түрү болбосун жүзөгө ашырууда, анын ичинде объекттерди долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана пайдаланууда, машиналарды, механизмдерди жана башка жабдууларды конструкциялоодо, технологиялык процесстерди иштеп чыгууда, өндүрүштү жана эмгекти уюштурууда камсыз кылынат.".

4. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлик органдарынын тутуму Кыргыз Республикасында эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана контролдук-көзөмөлдүк функцияларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.".

5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-статьялар менен толукталсын:

"5-1-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо.

---

Кийинки берене: [5-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205370/st-5-2)
