Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 18.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июня 2026 года № 82.
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдүк-контролдук функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 2-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, иш берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, - Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат. Андан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат."; 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Эмгекти коргоонун талаптары Эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана критерийлер (мындан ары - эмгекти коргоо талабы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Эмгекти коргоо талаптары ушул Мыйзамдын 2-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан иштин кайсы түрү болбосун жүзөгө ашырууда, анын ичинде объекттерди долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана пайдаланууда, машиналарды, механизмдерди жана башка жабдууларды конструкциялоодо, технологиялык процесстерди иштеп чыгууда, өндүрүштү жана эмгекти уюштурууда камсыз кылынат.".
4. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлик органдарынын тутуму Кыргыз Республикасында эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана контролдук-көзөмөлдүк функцияларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-статьялар менен толукталсын:
"5-1-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо.
Берененин тексти 18.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Эмгекти коргоо жөнүндөЗакон · 05.06.2026 · № 82
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205370/st-1" title="1-берене - Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>