# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Жамгырчиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Жамгырчиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1532/edition/609956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Жамгырчиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (23.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20537

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 23-январы № 8

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Жамгырчиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Г.О. Жамгырчиеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4689-V Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиева Гульнара Оморовнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиева Гульнара Оморовнанын № 036 депутаттык күбөлүгү 2015-жылдын 23-январынан тартып жараксыз деп эсептелинсин.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу

А. Шайымкулова
