КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Жамгырчиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 23-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Жамгырчиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Г.О. Жамгырчиеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4689-V Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиева Гульнара Оморовнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиева Гульнара Оморовнанын № 036 депутаттык күбөлүгү 2015-жылдын 23-январынан тартып жараксыз деп эсептелинсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу
А. Шайымкулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы №4689-V "Г.О.Жамчырчиеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө"…Постановление · 21.01.2015 · № 4689-V
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон