# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205366)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205366/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5132/edition/570441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205366/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 2-берене (19.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205366/st-2

---

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 2-статьяда:

отуз биринчи абзацында "энергетика жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу" деген сөздөр "энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциялары" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү жана отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; эсеп борбору - электр энергиясынын ашыкча агымы жана коромжусу боюнча маалыматтарды жыйноо, иштетүү, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр энергетика базарынын бардык катышуучулары үчүн эсеп жүргүзүү, ошондой эле электр энергетика рыногунун катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык тутумду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүчү өз алдынча уюм.".

2. 3-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 5-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Юридикалык жана жеке жактар отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде иштин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу:

- электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);

- жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо).";

2-бөлүгүндө "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна" деген сөздөр "лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 6 жана 12-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 13-статьянын 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 15-статьяда:

1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Электр менен жабдууга типтүү контракт бөлүштүрүүчү ишканалардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттейт, ошондой эле электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында келип чыккан реалдуу зыянды компенсациялоо боюнча берүүчүнүн милдеттерин милдеттүү түрдө карайт.".

7. 18-статьяда "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 21-статьяда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тарифтер төмөнкү принциптерге ылайык белгиленет:"; төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

9. 25-статьяда, 27-статьянын 2-бөлүгүндө, 32-статьянын 3-бөлүгүндө "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205366/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205366/st-3)
