# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205366)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205366/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5132/edition/570441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205366/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 1-берене (19.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205366/st-1

---

"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-статьяда:

сегизинчи абзацында "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "лицензиар" деген сөзгө алмаштырылсын; он төртүнчү абзацында "энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана мамилелерди жөнгө салууну" деген сөздөр "энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын"; статья төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".

2. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар энергетикалык ишканалардан көз карандысыз иштешет жана алардын өндүрүштүк жана чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт. Көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

3. 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 12-статьяда:

"энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөр "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын; расмий тилдеги текстте "имеет" деген сөз "имеют" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205366/st-2)
