# КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5130/edition/764919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205364

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 18-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205364/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 43-статьянын 2-пунктунун 5-пунктчасы ", юридикалык жактардын капиталына катышуу тууралуу" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 50-статьянын 3-пунктунда "мамлекеттик программалардын чегинде" деген сөздөр "ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү'' деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205364/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
