# КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5128/edition/1119940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205362

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 18-июлу № 141 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205362/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 55-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүдөн салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акчалай каражаттарды төлөөнү талап кылууга тыюу салынат.".

2. 198-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына төмөнкүлөр кошулат: аларды сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү сарптоолор, анын ичинде өздүк пайдалануу үчүн негизги каражаттарды сатып алуу жана өндүрүү менен байланышкан пайыздык чыгымдар; аларды даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен жана пайдалануу үчүн жарамдуу абалга жеткирүүгө кеткен чыгымдар; салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарууга укуктуу болгон чыгымдардын курамында эсепке алынуучу салыктардын суммасын кошпогондо, бажы алымдары жана жыйымдар, эсепке алууга жаткан КНСти кошпогондо, салыктар, негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар, алардын наркын көбөйтүүчү башка сарптоолор.".

3. 272-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын мамлекеттик тилдеги текстинде "пайдаланылган" деген сөз "арналган" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 310-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз өлчөмүндө;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205362/st-2)

Ушул Мыйзам ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктун кошпогондо, 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
