# 8-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010819)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2024 [Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010819); 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112538)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360#diff=1282096..13455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 8-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-8

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеге ыйгарым укуктуу органдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялар жана бирликтер) ээ.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялар жана бирликтер) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талап менен тиешелүү ыйгарым укуктуу органга же болбосо муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына кайрылышат.

3. Ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөрүүлөрдү суроо-талаптын негизинде 30 күндүк мөөнөттө киргизүүнү демилгелейт же болбосо жүйөөлөштүрүп баш тартат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук бирикмелердин (ассоциациялардын жана бирликтердин) дарегине болгон баш тартуу коллегиялык орган катары Министрлер Кабинетинде же сотто Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети киргизилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө, алардын ушул Мыйзамдын 6 жана 7-беренелеринде белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине ылайык келүү предметине текшерүүнү жүзөгө ашырат.

Кызмат көрсөтүүлөр белгиленген критерийлерге ылайык келген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кызмат көрсөтүүлөр белгиленген критерийлерге ылайык келгенде жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими менен кабыл алынат. Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегине киргизүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучусу 10 күндүк мөөнөттө тиешелүү өзгөртүүлөр жөнүндө коомчулукка маалымдоого, анын ичинде веб-сайтка жайгаштыруу жолу менен маалымдоого милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2024-жылдын 17-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-9)
