# 6-берене. Кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн критерийлер

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 6-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-6

---

1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:

1) жеке жана юридикалык жактардан тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга суроо-талаптын болушу;

2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын болушу;

3) ушул мамлекеттик мекеме тарабынан кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик/муниципалдык жана мамлекеттик эмес мекемелерге жана ишканаларга акыркы натыйжа алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;

4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу мүмкүндүгү.

2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:

1) жеке жана юридикалык жактардан тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптын болушу;

2) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын болушу;

3) ал муниципалдык мекеме тарабынан кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик/муниципалдык жана мамлекеттик эмес мекемелерге жана ишканаларга акыркы натыйжа алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;

4) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу мүмкүндүгү.

3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык саналган критерийлерге ылайык келүүсү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү реестрге киргизүүнүн шарты болуп саналат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-7)
