# 5-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010819)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2024 [Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010819); 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112538)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360#diff=1282096..13455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 5-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-5

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдү гана көрсөтүшөт.

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорлору тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорун түзүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

3. (КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин макулдашууда, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул Мыйзамдын 6 жана 7-беренелеринде белгиленген критерийлерге ылайык келиши, кызмат көрсөтүүлөрдү коомчулукка таңуулабоо негизги шарт болуп саналат.

6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

7. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинен турат. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн келип чыккан ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт.

8. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан түзүлөт жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине киргизүү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2024-жылдын 17-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-6)
