# 4-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптери

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 4-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-4

---

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр: кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, керектөөчүгө багыт алуу, ак ниеттүүлүк, отчеттуулук, ачык-айкындык, жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандуулугуна, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, ата тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга, кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштыруунун, көрсөтүүнүн, сапатын жана натыйжалуулугун баалоонун бардык стадияларында алардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн катышуусу принциптерине негизделет жана жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучу тарабынан керектөөчүгө кийинки кызмат көрсөтүүнү алуу максатында бир мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу талабын коюуга жол берилбейт.

3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен административдик органдар тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр административдик ишти жөнгө салган мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-5)
