# 2-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 2-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-2

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, административдик ишти жөнгө салган мыйзамга негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүгүндө мындан жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылар менен карама-каршылыктар жок болгондо, ушул Мыйзамга тең юридикалык күчкө ээ болгон башка ченемдик укуктук актылар менен коллизия пайда болгон учурда, ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-3)
