16-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга жетүү
Күчүн жоготкон · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 180
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жана стандарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте жарыяланууга жатат.
Мындан тышкары, жогоруда аталган ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын веб-сайттарында жарыяланат, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн жерлерде жайгаштырылууга тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун санариптик форматка которуу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык керектөөчүлөрүнө мамлекеттик жана расмий тилде берилиши керек.
3. Майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана алардын стандарттары тууралуу маалыматтарды башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө коомчулукту үзгүлтүксүз негизде маалымдап турууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2024-жылдын 17-июлундагы № 122, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205360/st-16" title="16-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>