# 15-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарын уюштуруу

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901); 17.07.2024 [Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010819); 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112538)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360#diff=13455..35667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 15-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-15

---

1. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары аркылуу же Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу санарип сервиси түрүндө көрсөтүлөт.

2. Администрациялык аймактык бирдиктерде, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер иштеген чек араларда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттары түзүлөт.

3. Уюштуруу жана башпаана бөлүп берүү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жүктөлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарынын башпааналары стандарттын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттары стационардык жана/же көчмө (мобилдүү) болушу мүмкүн.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн стационардык пункттары жайгашкан жерден алыс турган калктуу конуштарда кыйла талап кылынган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин адистеринин катышуусу менен көчмө (мобилдүү) жетүү пункттары тарабынан көрсөтүлөт.

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн стационардык же көчмө (мобилдүү) пункттарынын ишин уюштуруу кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү стандарттарына жооп берүүгө тийиш.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарын бирдиктүү терезе ыкмасы боюнча түзүшөт.

7. Майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт. Бул категориядагы керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартибине жана шарттарына карата талаптар тиешелүү стандартта камтылууга тийиш.

8. Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун каражаттарын жана булактарын өткөрүп берүү менен жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга өткөрүп бере алышат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга өткөрүп берүү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жеке юридикалык жана жеке жактардын аткаруусуна өткөрүп берген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, анын ичинде белгиленген стандарттарды, ошондой эле кызматтарды акы төлөө негизинде көрсөтүү үчүн ушул Мыйзамдын 7-беренесинде баяндалган негиздерди сактоо үчүн толук жоопкерчилик тартышат. (КР 2016-жылдын 20-июлундагы № 130, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2024-жылдын 17-июлундагы № 122, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-16)
