# 14-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 14-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-14

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүү төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

1) керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери);

2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеме;

3) ыйгарым укуктуу орган.

2. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн сапаттын белгиленген критерийлерине ылайык жүргүзүлөт.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан баалоо жүргүзүүнүн усулу өз алдынча аныкталат.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын ички баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеме, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, анын натыйжалары боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына жана/же административдик регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Керектүү өзгөртүүлөр ушул Мыйзамда белгиленген тартипте демилгеленет.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын ички баалоо керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) тарабынан жүргүзүлөт, алар анын натыйжалары боюнча ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын жана административдик регламентин кайра карап чыгууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-15)
