14-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо
Күчүн жоготкон · 17.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүү төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери);
2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеме;
3) ыйгарым укуктуу орган.
2. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн сапаттын белгиленген критерийлерине ылайык жүргүзүлөт.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан баалоо жүргүзүүнүн усулу өз алдынча аныкталат.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын ички баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеме, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, анын натыйжалары боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына жана/же административдик регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Керектүү өзгөртүүлөр ушул Мыйзамда белгиленген тартипте демилгеленет.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын ички баалоо керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) тарабынан жүргүзүлөт, алар анын натыйжалары боюнча ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын жана административдик регламентин кайра карап чыгууну талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205360/st-14" title="14-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>