# 13-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901); 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112538)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360#diff=13455..35667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 13-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-13

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине ылайык иштелип чыгат жана мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте бекитилет.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти милдеттүү тартипте төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучу тарабынан жасалуучу жана конкреттүү натыйжага ээ болгон ар бир административдик жолжобону (аракетти) баяндоону;

2) ар бир административдик жолжобого жооптуу кызмат адамы, анын милдеттери жөнүндө маалыматты;

3) ар бир административдик жолжобону аткаруунун узактыгы же максималдуу мөөнөтүн;

4) эгерде мындай бар болсо, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен өз ара аракеттенүүнүн тартибин;

5) кызмат адамы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн же тийиш болгон чечимдер, ал эми чечимдин ар түрдүү варианттары мүмкүн болгондо - чечимдин варианттарын тандоонун критерийлери же жолжоболорун;

6) административдик жол-жобонун натыйжасын жана кийинки административдик жолжобону баштоо үчүн аны өткөрүп берүүнүн тартибин;

7) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну кошуп алганда, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түпкү натыйжасын мүнөздөөчү маалыматтардын курамын;

8) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түпкү натыйжасын, анын ичинде санариптик форматта берүүнүн (жиберүүнүн) тартибин жана ыкмасын;

9) санарип сервиси түрүндөгү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына (майыптыгы бар адамдарга, жашы жете электерге, пенсионерлерге ж.б.) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн (эгерде мындайлар бар болсо);

10) керектөөчүлөрдү ушул процесске тартууну эске алуу менен административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоонун тартибин жана формаларын;

11) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш жана анын талаптарына ылайык иштелип чыгат.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-14)
