# 12-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын өзгөртүү

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010819)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2024 [Закон КР от 17 июля 2024 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010819); 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112538)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360#diff=1282096..13455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 12-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-12

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш.

Стандарт менен аны кайра карап чыгуунун кыйла кыска мөөнөтү каралышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) стандартты мөөнөтүнөн мурда кайра карап чыгуу жөнүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мекемеге кайрылууга укуктуу.

3. Керектөөчүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмесинин (ассоциацияларынын жана бирликтеринин) кайрылуусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мекеме 30 күндүк мөөнөттө стандартты өзгөртүүнү демилгелейт же болбосо жүйөөлөштүрүп баш тартат.

4. Стандартты мөөнөтүнөн мурда кайра карап чыгуудан баш тартуу коллегиялуу орган катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, же болбосо сотко административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2024-жылдын 17-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-13)
