11-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты
Күчүн жоготкон · 17.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 180
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеменин толук аталышы;
3) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр;
4) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери;
5) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түпкү натыйжасы;
6) эркектердин жана аялдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары (башпааналарга, күтүү шарттарына карата талаптар, майыптыгы бар адамдар үчүн акылга сыярлык ыңгайлуулуктар, кезектүүлүктү түзүү ыкмалары ж.б.);
7) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн узактыгы (документтерди кабыл алууга, кызмат көрсөтүүгө жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө карата чектик убактысы);
8) керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдоо (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мекемелер;
9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болуучу ыкмаларды мүнөздөө же саноо);
10) келүүчүлөр менен маектешүү эрежелери (кесиптик-этикалык ченемдерди сактоо, керектөөчүлөрдүн ар түрдүү категориялары - майыптыгы бар адамдар, жашы жете электер, улгайгандар ж.б.у.с. кайрылуунун ыкмалары боюнча өзгөчөлүктөр);
11) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө жашыруундуулукту камсыз кылуу ыкмалары;
12) керектүү документтердин жана/же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан болгон аракеттердин тизмеги;
13) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркын түзүүнүн тартиби жөнүндө, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн наркын бекитүүчү орган тууралуу маалыматтар;
14) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери;
15) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны санарип сервиси түрүндө көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү;
16) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздер жана тартиби;
17) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга даттануунун тартиби;
18) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны алынып салынды: электрондук форматта кошулду: санарип сервиси түрүндө көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү;
16) мамлекеттик же муниципалдык кызмат … кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № алынып салынды: 51 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 51, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205360/st-11" title="11-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>