# 10-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205360)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112538)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112538); 21.10.2016 [Закон КР от 21 октября 2016 года № 170 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360#diff=1282094..1282095>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5126/edition/1282090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205360/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, 10-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-10

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандартынын негизинде кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме тарабынан иштелип чыгат.

2. Стандартташтырууга жооптуу мекеме мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын иштеп чыгууда жана бекитүүдө ушул Мыйзамдын 4-беренесинде аныкталган принциптерди сактоого милдеттүү.

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана базалык реестрге кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин стандарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме стандарттын (стандартты кайра карап чыгуунун) долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзөт, анын жарымынан кем эмеси милдеттүү тартипте жарандык жана бизнес коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турууга тийиш.

Жумушчу топ түзүүдө гендердик баланс сакталат: комиссиянын курамына 70 пайыздан ашпаган бир жыныстагы адамдар кирүүгө тийиш.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук талкуулоого жатат.

(КР 2016-жылдын 21-октябрындагы № 170, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205360/st-11)
