# 6-берене. Биометрикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205357)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 12 июля 2022 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О биометрической регистрации граждан Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112401)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205357#diff=1176179..1176180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5123/edition/1176179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205357/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө, 6-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-6

---

1. Биометрикалык маалыматтардын базасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.

2. Биометрикалык маалыматтар базасында камтылган биометрикалык маалыматтарды коргоо ушул Мыйзамга, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү, маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү, мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жүзөгө ашырылат.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими

4. Аларды чогултууда, иштеп чыгууда, сактоодо жана маалыматтык тутумдарда пайдаланууда биометрикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуунун тартиби, биометрикалык маалыматтарды материалдык алып жүрүүчүгө жана мындай маалыматтарды маалыматтык тутумдардан сырткары сактоо технологияларына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2022-жылдын 12-июлундагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-7)
