# 5-берене. Биометрикалык каттоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205357)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5123/edition/1176179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205357/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө, 5-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ушул Мыйзамга ылайык биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү.

2. Биометрикалык каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Төмөнкү биометрикалык маалыматтар милдеттүү түрдө чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого жана пайдаланууга жатат:

1) беттин санариптик графикалык сүрөтү;

2) эки колдун манжаларынын папиллярдык чиймелеринин графикалык түзүлүшү;

3) өздүк кол тамга.

4. Биометрикалык маалыматтардан тышкары, милдеттүү түрдө чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого жана пайдаланууга төмөнкү жеке маалыматтар жатат:

1) жеке идентификациялык номери;

2) фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) улуту;

4) паспорттун сериясы жана номери;

5) туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мурда албаган адамдар үчүн);

6) жынысы;

7) туулган күнү, айы, жылы;

8) жашаган жери.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-6)
