# 3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205357)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5123/edition/1176179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205357/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө, 3-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-3

---

Биометрикалык маалыматтар - алардын негизинде анын инсандыгын белгилөөгө болуучу биометрикалык маалыматтар субъектинин физиологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн маалыматтар. Биометрикалык каттоо - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо жол-жоболору. Биометрикалык маалыматтар базасын кармоочу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган. Биометрикалык маалыматтар базасын пайдалануучулар - мамлекеттик жана башка органдар. Биометрикалык маалыматтар субъекти - Кыргыз Республикасынын аймагында же болбосо анын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205357/st-4)
