# 9-берене. Текшерүү комиссиясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=1290067..1290068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 9-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-9

---

1. Текшерүү комиссиясы Адвокатуранын финансылык-чарбалык ишине контроль жүргүзөт жана Адвокаттардын съездине отчет берет.

2. Адвокаттардын съездинде текшерүү комиссиясы 5 адамдан турган курамда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Текшерүү комиссиясынын курамына Адвокаттар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, этика боюнча комиссиянын жана аймактык адвокатуралардын төрагалары кирүүгө укугу жок. Текшерүү комиссиясынын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.

3. Адвокаттар - текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү текшерүү комиссиясындагы ишти адвокаттык иш менен айкалыштыра алышат.

4. Текшерүү комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун Адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.

Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси текшерүү комиссиясын шайлоо мезгилине түзүлөт. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-81)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-91)
