# 8-берене. Этика боюнча комиссия

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2026 [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897); 15.08.2023 [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 8-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-8

---

1. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кароо боюнча Адвокаттар кеңешинен көз карандысыз Адвокатура органы болуп саналат.

Этика боюнча комиссия үч жылдык мөөнөткө төмөнкү курамда шайланат:

- Адвокатурадан беш өкүл;

- юридикалык өкүлдөрдүн ичинен эки өкүл;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан дайындалуучу эки өкүл.

Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн адвокаттык иш стажы беш жылдан кем эмес жана акыркы эки жылда тартиптик жазасы жок болушу керек. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын шарттары, мөөнөтү, дайындоонун, ротациялоонун жана этика боюнча комиссиянын ишине катышуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан өз алдынча белгиленет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү этика боюнча комиссиянын ишине этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү катары гана катышууну жүзөгө ашырат жана этика боюнча комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын кызмат ордуна шайлана албайт. Этика боюнча комиссия өзүнүн курамынан төраганы жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык этика боюнча комиссиянын мүчөсү болуп шайлана албайт.

2. Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү этика комиссиясындагы ишин адвокаттык иш менен айкалыштыра алат. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле учурда Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын жана аймактык адвокатуралардын башкармалыктарынын мүчөлөрү боло алышпайт.

3. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда, укук ченемдүү деп эсептелет.

4. Этика боюнча комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) адвокаттын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттанууларды жана кайрылууларды кароо;

2) Адвокаттардын Кесиптик этика кодексин колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;

21) юридикалык өкүлдөрдүн аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана кайрылууларды кароо;

22) юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоосу менен байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;

3) тартиптик практиканы жалпылоо;

4) ушул Мыйзамга ылайык башка маселелер.

5. Этика боюнча комиссия арызды, даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгарат.

6. Этика боюнча комиссиянын чечими анын жыйналышына катышуучу мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Этика боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколуна Комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрү кол коюшат.

7. Этика боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.

Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси этика боюнча комиссияны шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-7)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-81)
