# 4-берене. Адвокатуранын уставы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 4-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-4

---

1. Адвокатура өз уставын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитет.

2. Адвокатуранын уставында төмөнкүлөр каралат:

1) Адвокатуранын максаттары, милдеттери жана иш-милдеттери;

2) Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби;

3) Адвокатурага кирүүнүн шарттары жана тартиби;

4) Адвокатуранын мүчөлөрүнүн, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдүн укуктары жана милдеттери;

5) адвокаттардын, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдүн алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен квалификациясын жогорулатуунун тартиби;

6) Адвокатуранын мүлкүн түзүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби;

7) Адвокатуранын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;

8) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнүн тартиби;

9) чыгымдардын сметасы боюнча отчеттуулукту берүүнүн жана аны жарыялоонун тартиби;

10) аймактык Адвокатураны, анын башкаруу органдарын түзүүнүн, алардын иштешинин тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;

11) адвокаттарды аймактык Адвокатурага киргизүүнүн (бекитүүнүн) тартиби;

12) Адвокатуранын текшерүү комиссиясын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби.

3. Уставда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, Адвокатуранын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-5)
