# 32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 147 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=1290061..1290062>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 32-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-32

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-октябрындагы № 114 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 105-ст.);

- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-октябрындагы № 115 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 106-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-мартындагы № 47 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 309-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2013-жылдын 13-августу, № 67);

- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1026-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, анын ичинде Адвокаттар кеңеши менен бирдикте адвокаттык ишти уюштуруунун формаларына ылайык салыктык режимди иштеп чыксын; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды кайра каттоо жана мыйзамда белгиленген тартипте Адвокатурага кирбеген адамдардын адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиялардын колдонулушун токтотуу боюнча иш жүргүзсүн.

4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензия өзүнүн юридикалык күчүн сактап калары белгиленсин.

5. Адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар адамдар Адвокатура мамлекеттик катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирсин.

6. Өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен өзүнүн адвокаттык ишин жүзөгө ашыруучу адвокаттар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өзүнүн адвокаттык ишин уюштуруу формасын ушул Мыйзамдын 16 - 163-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирсин.

7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" деген терминдерди же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын өзүнүн аталышында пайдаланган юридикалык жактар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө аларды ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 22-бөлүгүнүн эрежелерине ылайык келтирсин.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы N 4-р чечими

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Ш. Атамбаев |

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-31)
