# 31-берене. Адвокатураны түзүүгө байланышкан маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 31-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-31

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин каржылоого, уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.

Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинде Адвокатуранын уставы бекитилет, Адвокатуранын башкаруу органдары түзүлөт, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелер чечилет.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинин катышуучуларынын санын аныктасын.

3. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин съездге катышкан жашы боюнча улуу адвокат ачат. Жыйналышты алып баруу үчүн президиум шайланат.

Адвокаттардын уюштуруу съездинин чечимдери чогулушка катышкан адвокаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын - аймактык адвокатураларын жана Адвокаттардын окуу борборун тиешелүү башпааналарга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-32)
