29-берене. Адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын кепилдиги жана адвокаттын кол тийбестиги
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 августа 2023 года № 180
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу адвокаттык ишке кийлигишүүгө, же болбосо бул ишке кандай түрдө болбосун тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда, юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо каражаттарын жана ыкмасын тандоодо өз алдынчалыкка ээ жана башка жактардын пикирлери менен байланышпайт.
2. Адвокаттардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берген же болбосо мындай ишти жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
3. Адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда айтылган пикири үчүн адвокат кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
Адвокаттын кесиптик ишине байланыштуу ага карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же болбосо анын орун басарлары тарабынан гана козголушу мүмкүн.
4. Адвокаттын турак-жайына же жумушчу башпаанасына, пайдаланган транспортуна кирүү, аларды карап чыгуу, тинтүү, алып коюу, адвокатты жеке кароо же тинтүү, анын мүлкүнө камак салуу жана почта-телеграф корреспонденцияларын карап чыгуу жана алып коюу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, адвокатты мажбурлап алып келүү, кармоо жана камакка алуу сот актысы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Адвокат кылмыш жасаган жеринде кармалган учурлардан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда жеке тинтүүгө же жеке кароого кириптер болушу мүмкүн эмес.
5. Айкын кылмыш иши боюнча юридикалык жардамга байланыштуу маалыматтарды талап кылууга, алып коюуга, карап чыгууга, текшерүүгө, документтерди көчүрмөлөөгө, маалыматтарды топтоого жана пайдаланууга адвокат айыпталуучу катары тартылган учурларда гана, ал эми кылмыш, жарандык, административдик, тартиптик иштерди же укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо ишеним артуучунун макулдугу менен гана жол берилет.
6. Адвокат, адвокаттын жардамчысы юридикалык жардам үчүн кайрылууга же анын көрсөтүлүшүнө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө күбө катары чакырылышы жана суракка алынышы мүмкүн эмес.
Адвокат, адвокаттын жардамчысы ушул жагдайлар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү же көрсөтмөлөрдү берүүгө, ошондой эле изин суутпай-издөө иштеринде, сот өндүрүшүндө, мамлекеттик органдарда пайдалануу үчүн алар жөнүндө кандайдыр-бир материалдарды берүүгө укуксуз.
7. Адвокатка карата кылмыш ишин козгоо, аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө, ошондой эле аны кармоо же камакка алуу тууралу маалымат Адвокатурага жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине токтоосуз билдирилет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ал эми кылмыш, жарандык, административдик, тартиптик иштерди же алынып салынды: административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо ишеним артуучунун макулдугу менен гана жол берилет.
6. алынып салынды: Адвокат кошулду: Адвокат, адвокаттын жардамчысы юридикалык жардам үчүн кайрылууга же анын көрсөтүлүшүнө байланыштуу … жөнүндө күбө катары чакырылышы жана суракка алынышы мүмкүн эмес.
алынып салынды: Адвокат кошулду: Адвокат, адвокаттын жардамчысы ушул жагдайлар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү же көрсөтмөлөрдү берүүгө, … Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине токтоосуз билдирилет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б " 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-б
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 6-б "2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 28.01.2019 · № 6-р
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОБЩАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-р · Күчүн жоготкон
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>