# 28-берене. Адвокаттын жардамчысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=1290067..1290068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 28-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-28

---

1. Юридикалык жардам көрсөтүүдө көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана жогорку юридикалык билими бар адамдардын ичинен жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчылары адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто жана башка мамлекеттик органдарда иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган, жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; тартиптик жосун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган адамдар бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде; адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензиядан мурда ажыратылгандар адвокаттын жардамчысы болушу мүмкүн эмес.

3. Адвокаттын жардамчысы адвокаттын катышуусунда же анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча алгачкы териштирүү жана тергөө органдарында, сотто жана башка мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга, көчүрүп алууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык болгон аракеттерди кошпогондо, адвокаттын өндүрүшүндө болгон иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу.

4. Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы тарабынан аткарылуучу иштин көлөмү, эмгегине акы төлөө жана анын ишине таандык болгон башка маселелер адвокат же адвокаттык уюм менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлө турган келишим менен аныкталат. Адвокат мындай келишимди түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Адвокаттын жардамчысынын анкеталык жеке маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш болгон келишим түзүлгөн учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү.

Адвокаттын жардамчысына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматтарынын купуялыгын сактоо милдети жайылтылат. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-29)
