# 24-берене. Адвокат тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2026 [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897); 15.08.2023 [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664); 12.12.2016 [Закон КР от 12 декабря 2016 года № 196 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности", "О местном самоуправлении")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111475)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 24-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-24

---

1. Адвокат адвокаттык ишти жүргүзүүдө:

1) укук маселелери боюнча оозеки же жазуу жүзүндө кеңеш берет;

2) арыздарды, даттанууларды, сунуштоолорду жана башка укуктук мүнөздөгү документтерди түзөт;

3) конституциялык, жарандык жана административдик сот иштерине катышат;

4) кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштерге катышат;

5) бейтарап сотто, эл аралык коммерциялык сотто жана чыр-чатактарды чечүүчү башка органдарда иштерди териштирүүгө катышат;

6) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда ишеним артуучунун кызыкчылыктарын жактайт;

7) эгерде чет мамлекеттердин мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача көрсөтүлбөсө, чет мамлекеттердин мамлекеттик жана башка органдарында, эл аралык сот органдарында ишеним артуучунун кызыкчылыктарын жактайт;

8) аткаруу ишине, ошондой эле кылмыш жазасынын аткарылышына катышат;

9) мыйзамда белгиленген мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

2. Адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка юридикалык жардамды көрсөтүүгө укуктуу.

3. Чет өлкөлүк мамлекеттердин адвокаттары Кыргыз Республикасындагы жеке жана юридикалык жактарга адвокаттын өлкөсү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык макулдашууларынын негизинде ар кандай түрдөгү жардамды көрсөтүшү мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан атайын реестрге киргизилет. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.

Чет өлкөлүк мамлекеттердин адвокаттарына Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сырлар менен байланышкан маселелер боюнча юридикалык жардам көрсөтүүгө жол берилбейт.

4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышууну кошпогондо, юридикалык өкүл ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган юридикалык жардамдын түрлөрүнө окшош юридикалык жардам көрсөтөт.

Юридикалык өкүлдүн укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүшкө катышуусуна Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жол берилет. Юридикалык жардам көрсөтүү ишеним катта каралган ыйгарым укуктардын чегинде, ошондой эле ушул Мыйзамдын, процесстик мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-232)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-25)
