# 232-берене. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 232-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-232

---

1. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри Адвокатура тарабынан жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин түзүү, жүргүзүү, жаңылоо жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Адвокатура тарабынан аныкталат. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү тартибин бузуулар аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз чечими менен ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечимдери Адвокатура тарабынан аткарылууга милдеттүү.

3. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине ушул Мыйзамга ылайык ишти жүзөгө ашырууга жол берилген юридикалык өкүлдөр жөнүндө маалыматтар киргизилет.

Юридикалык өкүлдөрдүн реестри ар бир юридикалык өкүлдүн статусу жөнүндө актуалдуу маалыматты, анын ичинде статусун токтото туруу же токтотуу, чечимдерди кабыл алуунун мөөнөттөрү жана негиздери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

4. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизүү үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:

1) жогорку юридикалык билими бар экендигин тастыктаган (бакалавр же магистр даражасы) документти;

2) алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты;

3) юридикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажынын бар экендигин тастыктоочу документтерди;

4) Адвокаттардын окуу борборунда кошумча билим алуудан өткөндүгү жөнүндө сертификатты;

5) юридикалык өкүлдүн бекитилген кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоо милдеттенмеси менен арызды.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык документтер мамлекеттик маалымат тутумун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди берүүнүн башка электрондук каналдарын пайдалануу менен санариптик форматта берилиши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-231)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-24)
