# 231-берене. Адвокатуранын мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 231-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-231

---

Адвокатура квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде юридикалык өкүлдөрдүн катышуусу менен төмөнкүдөй жолдор менен катышат:

1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыгууга катышуу;

2) мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттарды жана юридикалык өкүлдөрдү тандоо критерийлерин иштеп чыгууга катышуу;

3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишинин сапатынын стандарттарын иштеп чыгууга жана баалоого катышуу;

4) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн жана шарттарын иштеп чыгууга катышуу;

5) көрсөтүлүүчү кызматтардын регистрин жүргүзүүнүн тартибин жана формасын иштеп чыгууга, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө маалыматты сактоо мөөнөтүн белгилөөгө катышуу;

6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишине мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;

7) ушул Мыйзамга жана мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткаруу.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-23)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-232)
