231-берене. Адвокатуранын мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуусу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 141
Адвокатура квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде юридикалык өкүлдөрдүн катышуусу менен төмөнкүдөй жолдор менен катышат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыгууга катышуу;
2) мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттарды жана юридикалык өкүлдөрдү тандоо критерийлерин иштеп чыгууга катышуу;
3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишинин сапатынын стандарттарын иштеп чыгууга жана баалоого катышуу;
4) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн жана шарттарын иштеп чыгууга катышуу;
5) көрсөтүлүүчү кызматтардын регистрин жүргүзүүнүн тартибин жана формасын иштеп чыгууга, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө маалыматты сактоо мөөнөтүн белгилөөгө катышуу;
6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишине мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
7) ушул Мыйзамга жана мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткаруу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
231-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-231" title="231-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>