# 221-берене. Юридикалык өкүлдүн статусун токтотуу жана токтото туруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 221-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-221

---

1. Юридикалык өкүлдүн статусун токтотуу Адвокаттар кеңешинин чечиминин негизинде төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) юридикалык өкүл каза болгондо же болбосо аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

2) юридикалык өкүл аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;

3) юридикалык өкүл статусунан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

4) юридикалык өкүлгө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) статусту токтотуу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынган тартип өндүрүшүнүн натыйжалары боюнча Этика боюнча комиссиянын сунуштамасы.

2. Юридикалык өкүлдүн статусун токтото туруу Адвокаттар кеңешинин чечими менен төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:

1) юридикалык өкүлдүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) кесиптик жүрүм-турумдун стандарттары бузулган учурларда этика боюнча комиссиянын сунушунун.

3. Юридикалык өкүлдүн статусу кетирилген бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна жараша үч, алты же он эки айлык мөөнөткө токтотулуп турушу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-22)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-23)
