# 22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.08.2023 [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664); 18.07.2020 [Закон КР от 18 июля 2020 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112072)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=1290067..1290068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 22-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-22

---

1. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) кирген учурда;

2) адвокат мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болгон учурда;

3) адвокаттын арызы боюнча;

4) (КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) адвокат тарабынан Кесиптик этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;

6) мүчөлүк төгүмдөрдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөгөн учурда;

7) эгерде адвокат ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда бир айдын ичинде лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз бербеген учурда.

21. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, адвокат лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине арыз берет, ага лицензия (лицензиянын дубликаты) тиркелет, ал эми лицензия (лицензиянын дубликаты) жоголгон учурда бул тууралуу арызда көрсөтөт.

Этика боюнча комиссия ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет. Адвокаттар кеңеши ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу үч жылга чейин жүргүзүлөт.

Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жаңыланат.

4. Лицензиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) адвокатка карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирет;

2) Кесиптик этика кодексинин ченемдери кайталанып бузулган;

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун токтото туруу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын же болбосо Адвокатуранын уставынын ченемдерине ылайык квалификациясын жогорулатпаган;

4) адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдери бузулган.

41. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.

Адвокаттар кеңеши ушул берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.

5. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган учурда;

2) адвокат каза болгондо же аны дайынсыз жоголгон же каза болгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

3) адвокат белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда;

4) адвокаттын жазуу жүзүндө берилген жеке арызы боюнча;

5) бир айдын ичинде жүйөсүз себептер боюнча лицензия албаган учурда;

6) адвокат лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда.

51. Адвокаттар кеңеши ушул берененин 5-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө сунуш киргизет.

6. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р чечими

---

Мурунку берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-211)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-221)
