# 21-берене. Квалификациялык сынак

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2026 [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897); 15.08.2023 [Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112664)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 21-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-21

---

1. Квалификациялык сынак курамы жети адамдан турган квалификациялык комиссия тарабынан кабыл алынат.

11. Квалификациялык экзамен жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

2. Квалификациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:

1) адвокаттык иште беш жылдан кем эмес стажысы бар адвокаттардын ичинен Адвокаттар кеңеши тарабынан сунушталуучу Адвокатурадан төрт өкүл;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен үч өкүл.

Караңыз: КР Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу

3. Квалификациялык сынакты өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 "Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

4. Тесттин жалпы суроолорунун 70 пайызынан көбүнө туура жооп берген адам квалификациялык сынак берди деп эсептелет.

Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамга аны кайрадан тапшырууга алты айдан эрте эмес киргизилет.

5. Квалификациялык комиссия тарабынан сынактын натыйжалары боюнча протокол формасында жол-жоболонгон чечим кабыл алынат.

Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан сынактын натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

6. Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде лицензия берилет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатурага лицензия берүү жөнүндө он жумушчу күндүн ичинде кабарлайт. Адвокатура кабарлоону алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде адвокаттын Адвокатурага мүчө болуп киргендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдайт.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз: КР Конституциялык сотунун 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р Чечими

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-20)  
Кийинки берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-211)
