# 20-берене. Квалификациялык сынакка кирүүгө уруксат берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 20-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-20

---

1. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген адам адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга квалификациялык сынак тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен Адвокатурага кайрылууга укуктуу.

Арыз берүүнүн тартиби жана формасы, тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле Адвокатуранын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу квалификациялык комиссия (мындан ары - квалификациялык комиссия) менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан бекитилет.

2. Адвокатура талапкерлер тарабынан келип түшкөн арыздарды жана документтерди карайт жана ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык келүүсүн текшерет.

Адвокатура документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктоочу маалыматты мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан суратууга жана алууга укуктуу.

3. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Адвокатура талапкердин документтерин жана анын белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө корутундуну квалификациялык комиссияга жөнөтөт.

Квалификациялык сынак тапшырууга уруксат берүү же болбосо уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте квалификациялык комиссия кабыл алат.

4. Квалификациялык сынакка уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө квалификациялык комиссиянын чечими административдик мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-21)
