# 18-берене. Юридикалык жардам берүүнүн кепилдиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 18-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-18

---

1. Мамлекет Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, анын юрисдикциясында турган башка адамдарга юридикалык жардам алууга жана мындай жардамды алуунун мүнөзү жана тартиби жөнүндө маалыматка бирдей жеткиликтүүлүккө болушуна кепилдик берет.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, юридикалык жардам үчүн кайрылган адам адвокатты же юридикалык өкүлдү тандоодо эркин болот.

3. Мамлекеттик кепилдиктин алкагында квалификациялуу юридикалык жардам мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна киргизилген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр тарабынан көрсөтүлөт.

4. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн эмгек акысын төлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

5. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна катышкан адвокаттарга жана юридикалык өкүлдөргө уруксат берүүнүн, аларды тандоонун, каржылоонун, иштерди бөлүштүрүүнүн жана ишин контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-19)
