18-берене. Юридикалык жардам берүүнүн кепилдиги
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 141
1. Мамлекет Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, анын юрисдикциясында турган башка адамдарга юридикалык жардам алууга жана мындай жардамды алуунун мүнөзү жана тартиби жөнүндө маалыматка бирдей жеткиликтүүлүккө болушуна кепилдик берет.
2. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, юридикалык жардам үчүн кайрылган адам адвокатты же юридикалык өкүлдү тандоодо эркин болот.
3. Мамлекеттик кепилдиктин алкагында квалификациялуу юридикалык жардам мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна киргизилген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр тарабынан көрсөтүлөт.
4. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн эмгек акысын төлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна катышкан адвокаттарга жана юридикалык өкүлдөргө уруксат берүүнүн, аларды тандоонун, каржылоонун, иштерди бөлүштүрүүнүн жана ишин контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>