# 164-берене. Юридикалык өкүлгө карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356#diff=35851..57382>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/205356/edition/1290060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205356/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, 164-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-164

---

1. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген, аракетке жөндөмдүү төмөнкүдөй жеке адам юридикалык өкүл боло алат:

1) жогорку юридикалык билими бар;

2) адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажына ээ;

3) Адвокаттардын окуу борборунда соттук өкүлчүлүктүн маселелери боюнча кошумча кесиптик даярдыкты аяктаган жана 80 академиялык сааттан кем эмес көлөмдө билим берүү программасын өздөштүргөндүгүн тастыктоочу тиешелүү сертификат алган.

Жарандардын юридикалык жардамга натыйжалуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте юридикалык өкүлдөр үчүн ушул беренеде аныкталган талаптардын бардыгын же бир бөлүгүн белгилүү бир мөөнөткө жана белгиленген бир административдик-аймактык бирдиктерде алып салууга жол берилет.

2. Төмөнкүдөй адам юридикалык өкүл боло албайт:

1) мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган, ошондой эле акысыз негизде кызмат өтөө маселелери боюнча башка адамдардын кызыкчылыктарын билдирген аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;

3) мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондугу жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-163)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205356/st-17)
